Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков "Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылыктын тыюу салынган башка түрлөрүнө киргизүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомго кол койду. Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө төмөнкү категориядагы аудиовизуалдык чыгармаларга тыюу салынат:
- порнографиялык сценалар (эпизоддор);
- экстремисттик жана сепаратисттик чыгармалар;
- мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга же күч менен кармап турууга, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймагынын бүтүндүгүн бузууга жана коомдук коопсуздукка күч менен кол салган, жогоруда аталган максаттарда мыйзамсыз куралдуу топторду түзүүгө же аларга катышууга, уюштурууга ачык чакырган жана багыт берген чыгармалар;
- согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты пропагандалоо;
- терроризмди актоого жана башка террористтик ишти колдоого чакыруу;
- коомдук коопсуздукту бузууга ачык багытталган чыгармалар;
- көркөмдүк ой менен акталгандан тышкары, мыйзамдуу бийликти кулатууга чакырган жана даңазалаган улутчулдук атрибуттарды жана символдорду же улутчулдук атрибутикага жана символикага аралашуу даражасына чейин окшош атрибутиканы жана символиканы, тыюу салынган террористтик уюмдардын башка символикаларын эл алдында пропагандалап көрсөтүү;
- социалдык, расалык, улуттар аралык же диний кастыкты козутууга, социалдык, расалык, улуттук диний же тилге тиешелүү жагынан адамдын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчилигин пропагандалоо;
- мамлекеттик символикалардын атрибуттарын (желекти, гербди, гимнди) кемсинткен жарандык жана улуттук этиканы бузуучу нормалар;
- баңгилик жана психотроптук заттар жөнүндө ачык пропаганданы камтыган маалыматтар;
- өзүн өзү өлтүрүүгө чакырган сценаларды пропагандалаган же өзүн өлтүрүү сюжеттерин же өзүн өлтүрүүгө аргументтерди камтыган чыгармалар.
Чыгармалардын жогорудагы категорияларга кирерин же кирбесин аныктай турган мекемелер аралык эксперттик комиссия түзүлдү.