2016-жылдын августунда Москвада өрт кырсыгынан каза тапкан Кыргыз Республикасынын 14 жаранынын урматына Бишкекте көчөт отургузулду жана таштан эстелик коюлду. Мэриянын маалыматына таянсак, 18 түп көчөт шаардын Бакаев-Айни көчөлөрү кесилишкен аймакка тигилди. Иш-чарага шаар бийлигинин өкүлдөрү, маркумдардын жакындары жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Эскерте кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны.