Бишкек-Ош жолунун "Сосновка" пунктунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Төө-Ашуунун эки тарабындагы унаа тыгынына байланыштуу Бишкек-Ош жолунун "Сосновка" пунктунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Чектөө качан алынары айтылган жок. Төө-Ашууда жолду тазалоо үчүн 2 жүк жүктөгүч, 2 грейдер, 2 Хово, 2 МАЗ жана 15 жумушчу иштеп жатканы маалымдалды. Трассанын 127-128-чакырымдарына кум себилди.

Белгилей кетсек, 21-октябрда кечинде Төө-Ашууда узундугу 5-6 чакырымга жеткен унаа тыгыны пайда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан