ЭЛДИК КАБАР: Лейлекте курма терүү сезону башталды

Лейлек районунун Бешкент айылында курма терүү башталды. Бул тууралуу 22-октябрда окурман SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, быйыл жылдагыдан суук эрте түшкөнгө байланыштуу терим эрте башталды.

"Быйыл курманын түшүмү мол. Жылда бир түптөн 50-60 килограмм мөмө алынса, быйыл 130-140 килограммдан алынып жатат. 1 килограммын 15 сомдон сатып алышып, Бишкекке алып кетишүүдө", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Kanzada97
2016-10-23 14:01:29
Ма Шаа Аллах
+1
kyrgyzstan00
2016-10-23 14:08:19
Вааай вааай биринчи корушум тоа сонууун го аааа.Жегим келип кетти.
+1
shamshiev.80
2016-10-23 14:22:58
Кудаага шугур,мин мерте шугур кыргызтаныма! !!Африканын кее бир олколорундо хурма картошка турмак чоп дагы оспойт экен туугандар,эмне дегим келет?биздин келечек буйруса бар!Дубайга суктанбай Кыргызстанга суктангыла!
+4
tatynaaiym
2016-10-23 19:59:26
shamshiev.80,Ошону ачкан башы иштеген кыйын Адам болбой ататда.Биздикилер байысале 2чи катын алат
+1
tashi62
2016-10-23 14:36:53
Мен кечээ 20сомдон алдым Ошто .
+1
Santanna
2016-10-23 14:46:25
Бишкек Оштуктар Баткендиктер деп тоготпой озунордон кетесинер,чын чынына келгенде Баткенден келген нерсени жейсинер,оспогон момо жемиштин озу жок,каандай момо жемиш болбосун табасын, алма орук гилас коон дарбыз анар куурма жузум шабдалы малина кыскасы баары бар,негизи Кыргызстандын бейиши Баткен бт ))
-2
Nur1k
2016-10-23 15:04:06
Оо да курма это нечто
0
edik-kg
2016-10-23 16:33:55
лейлекте жакшы осот экен анда а курма кобойтуш керек экен срочно
0
Turadi
2016-10-23 17:53:40
Таласта 60-80 сомдон болуп жатат.
0
Bakyt813
2016-10-23 18:01:54
Бийликтегилер жакшы иштегенде кайра иштелуучу заводтор курулуп чет олколорго экспорттосо болот эле.Новосибирскиде 1 кг курма 100рубльдан ойдо Казакстан,Азербайджандын товарлары
+1
shirinai
2016-10-23 18:08:08
Биз да курма, анар тердик бугун).
+2
UlukmanKalyev
2016-10-23 19:22:39
shirinai,кана анда super.kgнин ушакчыларына.)))
0
adi.ali94
2016-10-23 19:03:43
Кырманга береке урматтуу дыйкандар! Түшүм мол болсун!!!
0
tatynaaiym
2016-10-23 20:00:59
Кырман толсун,тушумунор мол болсун.Берекесин берсин Кудайым!!!
0
Totyua.71.
2016-10-23 20:10:02
Элде болсо бизде болот
0
simone
2016-10-23 21:33:53
Бизда короодогу курмабызды кунуно бир-экиден жулуп жёп туготтук, эми базардан алып жейбизго, уй-булобуз менен жакшы коробуз курманы.
0
ss90
2016-10-30 22:37:18
Ош шаарына барып самса,Баткенге барып оругун жеш менин кыялыыыым...анан пахта талаа коргум келет....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан