ЖЫЛНААМА, 23-ОКТЯБРЬ: Кыргыз Эл жазуучусу Жунай Мавлянов көзү тирүү болгондо 93 жашка чыкмак

Мындан 93 жыл мурун, 1923-жылы Кыргыз Эл жазуучусу, акын Жунай Мавлянов Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. Ж.Мавляновдун илим-билим жана адабият тармагына кошкон салымы зор. Анын биринчи ырлар жыйнагы “Жүрөк” деген ат менен 1960-жылы чыккан. Акындын "Аркыт гүлдөрү" деген ыр жыйнагы учурунда жылуу кабыл алынган. Кийинчерээк Ж.Мавлянов кара сөзгө ооп, бир нече повесть, романдарды жазган. Биринчи прозалык китеби “Бекиш, сага эмне болду?” деген ат менен жарык көргөн. Андан соң "Жалгыз бутактуу арча", "Турмуш", "Айылым жана айылдаштарым" сыяктуу повесть, аңгемелери чыккан. Жазуучунун "Ачык асман", "Кайрымсыз жылдар", "Бийиктик" сындуу романдары улут адабиятынын жанрдык арымын кеңейткен.
Ж.Мавлянов көптөгөн очерк жана публицистикалык макалалардын автору. Жазуучунун айрым чыгармалары өзбек, тажик, латын, татар тилдерине которулган. Ошондой эле жазуучу Мунгуновдун “Кара шамал” повестин жана Сухомлинскийдин “Балама кат” аттуу китебин кыргыз тилине которгон.
Жунай Мавляновго "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими", "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген. Ал СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, Ардак белгиси медалы жана башка сыйлыктар ыйгарылган.
Кыргыз Эл жазуучусу Жунай Мавлянов 2003-жылы жол кырсыгынан каза болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
konfetka.medik
2016-10-23 13:39:18
Жунай абанын атасы кыйын болгон екенда
0
konfetka.medik
2016-10-23 13:39:19
Жунай абанын атасы кыйын болгон екенда
0
Барс
2016-10-23 17:43:11
Жунай агай
Жунай агай, Жунай агай-
Окуучуга Күн, Ай агай.
Жакшылыкты тартып келет,
Жака-белин жарытып келет,
Жарык тарткан унаадай.

Жашчылыгы эмгегинде-
Жаш бөбөктүн эмгенине
Насип болуп буюрулуп турган,
Сүт өңдөнүп куюлуп турган,
Акын агай-
баарыбызга Акыл агай…

Согуш тагы денесинде,
Жеңиш даңкы элесинде!..
Жанып турат нурун чачып,
Жазуучулук сересинде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан