Мындан 42 жыл мурун, 1974-жылы Бишкектеги “Манас” Эл аралык аэропорту пайдаланууга берилген. Ошондо биринчи жүргүнчүсү катары СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин Ил-62 учагы менен борбор шаарга келип конгон.
Аэропорттун жүргүнчүлөрү жыл сайын көбөйүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому тейлеген жалпы жүргүнчүлөрдүн саны 1 миллион 316 923 адамды түзгөн.