Өрт кырсыгынан 14 кыргызстандык кыз-келин каза тапкан Москвадагы басмакананын башкы директору Сергей Москвин бардык жабыркагандардын жакындарына компенсация төлөп берди. Бул тууралуу 23-октябрда орусиялык ММКлар жазышты.
Басмакана ээси кылмышка айыпталууда. Бардык жабыркагандарга материалдык жана моралдык чыгым төлөнгөнүн анын жактоочусу билдирген. Айтылгандарга таянсак, башкы директордун өкүлдөрү Кыргыз мамлекетине келип, каза тапкан кыз-келиндердин жакындарынан кечирим сурап, акча каражатын тапшырышкан.
Эскерте кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны.