
Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы президент
Алмазбек Атамбаев Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери
Канжар Кадыралиевге байланышкан чуулуу ишти иликтөө боюнча башкы прокурор
Аида Саляновага тапшырма берген. Өлкө башчы тергөө иштери бүткүчө Кадыралиевди кызматтан четтетип турууну да буюрган. Мындан кийин экс-депутат
Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиев кызматтан алынган.
Башкы прокуратура 2014-жылдын күзүндө Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган. Учурда айыпталуучу үй камагында.