Бүгүн, 24-октябрда орусиялык жеке ишкер, миллиардер, Чукотка облусунун экс-губернатору, атактуу "Челси" футбол клубунун ээси Роман Абрамович 50 жашка толду. Ал Саратов шаарында туулган. 1983-жылы Москвадагы №232-мектепти аяктаган. Окууну бүтөрү менен Ухтадагы индустриялык окуу жайга тапшырган, бирок окуусун таштап, өз эрки менен аскерге кызмат кылуу үчүн барып, Владимир облусундагы Киржач артиллериялык полкунда катардагы жоокердин милдетин аткарган.
Аскерден келген соң жеке ишкердик менен алектенип, Орусиянын мурунку президенти Борис Ельцин менен иштешип калган. Ельцин менен иштешүү ага ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга жардам бергени айтылат. 1999-жылы №223-Чукотка округунан Мамлекеттик Думага депутат болуп, кийин 90 пайыз добуш менен облус губернатору болуп шайланган. Кийинки президент Владимир Путин дагы 2005-жылы Абрамовичти шайлоосу жок эле экинчи ирет губернаторлукка көрсөтүп, жергиликтүү кеңештин 100 пайыз добушу менен ордунда калган. Ал эми 2008-жылы 3-июлда өз ыктыяры менен губернаторлук орунду бошоткон. 2003-жылы Абрамович Лондондун "Челси" футбол клубун сатып алган.
24-октябрдын жылнаамасы.