Пианист Азамат Сыдыков: "Үч ирет жайынан казылган Сатыбалдиевага мүрзөдөн тынч орун бере албаган кыргыз бийлигин айыптайм"

Ала-Бука районунда үчүнчү ирет жерге коюлган баптист аялдын сөөгү казылып алынган. Төртүнчү ирет коюлган жайы белгисиз болуп, коомдо бул кызуу талкууну жаратып, өлкөнүн дин аалымдары, юристтер бул маселе боюнча өз пикирлерин билдиришкен. Дин маселеси өлкөдө курч экени буга чейин да бир нече ирет айтылып келген эле. Бул боюнча, дегеле Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан түрдүү маселелерге чет өлкөдөгү мекендештерибиз да кайдыгер эмес экенин билдиришүүдө. Алардын бири кыргыздын таланттуу уулу, АКШда жашаган пианист Азамат Сыдыков жеке пикирин SUPER.KG порталына мындайча билдирди:

"Христиандык Европа дүйнөнүн бардык элин кабыл алып, жашоого мүмкүнчүлүк берип, жер, мүрзөдөн жай берип жатат. Азыр биз дүйнө элинин көзүнө кандай көрүнүп жатабыз? Чет жерде баш кесерлер, фашисттер мигранттарды жердигине, динине карап бөлүп, өлтүрүп жатышса, баары кыйкырып чыгат да, өзүбүздүн жаранга жеткенде ушунча шылдың, келеке менен мамиле кылышат. Түркөйлүктүн, билимсиздиктин туткуну болгон жергиликтүү тургундарды айыптай албайм. Мен Каныгүл Сатыбалдиеванын үй-бүлөсүнө коопсуздукту түзүп, ага мүрзөдөн тынч жай берүүнү камсыз кыла албаган өлкөнүн бийлигин айыптайм. Бул Кыргыз өлкөсүнүн биримдигине жана аброюна урулган чоң сокку болду. Эгерде бүгүн биз мүрзөлөрдү динине карап бөлсөк, эртең көчөлөр менен шаарларды этникалык тибине карап бөлүп баштайбыз. Бул жерде теңирчилер, тигинде христиандар, ары жакта атеист корей, орустар деп...

Элден салык алып жатканда "Сен христиан, атеист, коммунист эмессиңби?" деп сурабайт да. Баарынан бирдей өлкөнүн керек-жарагы үчүн салык алышат. Ал эми мүрзө тууралуу сөз болгондо, көрдүңүздөр да, адам өзү кызмат кылып, мээнети менен салык төлөгөн жерден чарчы метр жайга ээ болбой калганын. Жер да бир гана "тандалгандар" үчүн болуп калды. Муну караңгылык деп эсептейм. Дүйнөдө 2,4 миллиард христиан бар. Алардын 900 миллиону протестанттар жана протестант баптисттер. Бул АКШ, Германия, Нидерланды өлкөсүнүн жашоочуларынын жарымын түзөт. Акча алып жатышканда эч ким "Бул протестанттардын акчасыбы же мусулмандардыкыбы?" деп сурабайт. Ал эми адамды коргоого келгенде сөзсүз түрдө анын ким экенин билүү зарылбы?"

Ошондой эле Азамат Сыдыков 22-октябрда "Сөөгү жерге берилбей бир нече жолу убара тарткан маркум Каныгүл Сатыбалдиеванын элесине жеке концертимди арнайм. Ал - мекендешим, өлкөнүн жараны, мээримдүү эне, аялзаты. Өз жарандарын коргой албаган, улуту, ишеними, расасы жана саясий көз караштарына карабай, Баш мыйзам талап кылгандай алардын укуктарын коргоп бере албаган бийликти айыптайм" деп, концертин ала-букалык, баптизм агымын тутунуп, сөөгү 3 жолу казылып алынган Каныгүл Сатыбалдиеванын элесине арнады. Концерт АКШнын Түндүк Каролина штатында өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
Kyrgyz_myrza
2016-10-24 13:09:24
Байкуш Азамат мынчалык чычалап баптист апан кчун ыйлап, концерт койгонуна караганда сенинда башын айланып шорун куурап баптист болуп кеткенин билинип турпт. Мусулман болсон мынтип аза кутпойт элен артист))))))

Бут эле баптисттер минус басып жатышатко чиркиндер))))))
-2
ekaterinburg
2016-10-24 13:19:00
Kyrgyz_myrza, "ХХХ" экенсин даана!!Мусулман болбосо эн башкысы АДАМ!Сени да адам болууга чакырам!Баптист-мусулман,буддист-христиан деп боло берсен "ХХХ" айырман жок болуп калат иним.Эсин барда этегинди жый!Тообо де...
+2
admin_portal
2016-10-24 13:28:03
ekaterinburg, этика нормаларын сактаңыз!
-7
chyngyz84
2016-10-24 22:51:29
Kyrgyz_myrza, Ошондойго, баптисттер коп окшойт.
-2
keba300989
2016-10-24 13:15:00
Азамат Сыдыковго толук кошулам, чынында акча алып жатканда унчукпай алышат, ошолордун кайерге көмүлүшүн чечип койбогон бийлик күнөлүү бул биринчи жолу болбогонун бийлик жакшы билет неге дагы кайталанышына жол берип жатышат.
+3
azamat.k
2016-10-24 13:30:05
Озу негизи ар бир пенде жерге берилуу керек карманган динине карабай.Жер Аллах тааламдыкы, бир эле Ак суулуктарга же Ала Букалыктарга тиешелуу эмес.Жерге берилген денени кайра козгоп каздыруу бул манкурттук жапайычылык.Кыргыздар биз дагы 1300 жылда онолобуз.Биз онуккон мамлекеттерди элестетип жашабай тоодо кочуп конуп жашай беришибиз керек.Кыргыз биз онолбойбуз жакынкы жылдарда отвечаю.
+1
tuigan.
2016-10-24 13:46:36
Сен да баптист турбайсынбы анда
0
azamat.k
2016-10-24 13:52:11
tuigan.,озун даптис
0
omor.86
2016-10-24 14:16:38
Мусульман болуп торолгондон кийин мусулманча эле калыш керекда.акча дегенде азгырылбай.Сага окшогондор урматтуу пианист акча дегенде дин эмес оз жерин,оз апасында сатып жиберет.менимче сенда баптист окшойсунго.Андан коро тообо кылып балдарынды бакпайсынбы...
+2
Urmat_83
2016-10-24 14:20:41
Не бул форумга баптистер толуп алганбы.Каяктагы бир пианист соройду колдошотго
+1
chyngyz84
2016-10-24 22:55:53
Urmat_83, Ошону айтсан?!
-2
Kyrgyz_myrza
2016-10-24 14:21:06
Бийлик эле бийлик деп бийликти каралап жатып калыптырсынар. Бийлике баптисттер оздору келип арыз жазып, мурзо учун жер болдуртуп, токтом чыгартып алса болотко ар кимдин мурзосуно жалынбай. Баптисттерди кристияндар оздору да мурзолоруно комдургусу келбейт. Ошончо акчалары менен сыйфнуу уйлорун мыйзамдаштырышты билишет да кандай эле бир жерди мыйзамдаштырып мурзо кылышты билишпейт. Ар бир диндин озуно таандык мурзосу бар, бирок бир эле ушулардыкы жок экен.
0
azamat.k
2016-10-24 14:23:41
ПианИСТ баптИСТ окшош эле ат.Бир агымдан окшойт бирок.
+1
piramida
2016-10-24 15:30:46
1998 жылдары Ош Ту нун жатаканасында еки сантехник баптист бар еле кийин Токтогулдук кыздар да өткөн айына 300 сом төлөп берчу екен, комендант алмашканда баарын кууп чыкты еле,ошолор не болду екен тообо кылып Ислам динине кайтышты бекен кызык.
-2
brit
2016-10-24 15:31:27
Пианист чындыкты айтып жатат, ага чычыалаштын кереги жок! Анан сен озун баптист окшойсун бла бла дегенди жазгандар озунордун карангы экенинерди билдирип Коюпсунар. Аллахамдуллах мен мусулманмын бирок биздин бул кылганыбыз туура эмес. Курандын Кайсы жеринде соокту кайра касып алгыла Деп жазылыптыр, кимдин укугу бар мындайга. Аллага жагып жатабы ушул нерсе? Ислам эн биринчи ынтымакка, кен пейтлдуулукко чакырат. Уят Эле ошол айыл Элине.
0
Adidas_91
2016-10-24 15:54:34
Бул жерде бүт эле паптистер минусту бериптирго. Эгер паптистер кыйын болсоңор ошол аялды мүрзөңөргө алпбарып көмүп койбойт белеңер. Бүт иш аягына чыкканда кыйын болбой. Ушул ишти сөз түрүндө кылбай иш жүзүндө ишке ашырбайсыңарбы. Жазыштан, сүйлөштөн башка колуңардан п*гам келбейт.
-1
Kyrgyz_myrza
2016-10-24 16:26:08
Адидас91, паптистердин оздорунун мурзосу болсо комобу?))))) даже кристияндарда жардаи берип "Мусулмандар комбосо биздин мурзого алып келгиле" деп жардам беришпедиго. Демек кристерда булардан жийиркенишет)))))
0
chyngyz84
2016-10-24 22:58:17
Kyrgyz_myrza, Туура!
-2
meli12
2016-10-24 16:28:30
Кыргыздардын башы айланып арабдардын окутуусуна кирип радикал исламисттер болуп башташыптыр тобоо минтип отурсак баштар мууздалган кундор да алыс эмес.Молдолоп угуттоп койдурбай эмнеге европада олгон араб сириялык же мусулманды алар кабыл алып олсо комуп атышат а кыргыз кыргызды батырбай ьаптис деп болуп койдурбайт анда Кыргызстанда толтура атеисттер бар ошолорду да комдурбош керек аябай озумчул озун гана ойлогон бузукулар
+1
Botan
2016-10-24 23:23:08
Биздин өлкө динден ажыратылган. Дин тууралуу маселелерге мамлекет жооптуу эмес. Атайын Дин башкармалыгы чечет муну. Мусулмандардын мүрзөсүнө ойногон жеринен койдурбай коюшкан жок. Баптистин кыйналганына момун мусулмандар чыдай албай калат экен. Пианист дин жөнүндө эмнени билмек эле? А.К.Ш да жүрүп булар(Данияр Айтман,Байсалов, ж.б) кыргыздын менталитетин, исламдын жол жоболорун билбей эле АКШнын сөзүн сүйлөй беришет...
-3
OFICER
2016-10-25 01:10:55
Озу ушу паптистеринер менен тенирчилеринер саал башкачадай сезиле берет мага, же жин кирип кеткен буларга дегени чындыкпы а?)))))
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан