Премьер-министр депутаттарга: "Каражатыбызга жараша жашаганды үйрөнүшүбүз керек болуп жатат"

"Биз каражатыбызга жараша жашаганды үйрөнүшүбүз керек болуп жатат", - деп бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков депутаттарга кайрылды.

Анын айтымында, кыскартуулардын жалпы көлөмү 14,9 миллиард сомду түздү. "Өкмөт тарабынан бюджеттин чыгашалар бөлүгүн кирешелер бөлүгүнүн толукталуу болжолуна карап теңдештирүү жана бюджеттин тартыштыгынын жогорку деңгээлин азайтуу максатында мамлекеттик органдарга товарларды сатып алуулар менен күнүмдүк чыгымдар оптималдаштырылды. Тагыраак айтканда, транспорт, иш сапар, байланыш, капиталдык оңдоо чыгымдары жана бюджеттин корголбогон беренелери боюнча чыгымдар кыскартылды", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nur123456
2016-10-24 14:44:16
Шагырап ушунчасы отурат буларда расхот кетирип жорот ар бири андан коро ушул отургандарды кыскартып салса ошондо кобуроок пайда болмок элдин эсебинен жашагандар булар байкуш эл озун бак буларды да кошуп бак семиртип булар журушот ар кимиси ар кайсыны суйлоп койуп
0
nur123456
2016-10-24 14:45:27
Чыгымдарды кыскартсанар озунордон баштагыла
0
angel.elhan
2016-10-24 16:30:26
bary birigip bir bychaka sap boluwbait bular eldin akchasyn jegendi biliwet.nalog tolo nalog tolo dep keliwet nalog toloisun al kaiaka barat kudaa bilet
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан