Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 24-октябрдагы отурумунда депутат Умбеталы Кадыралиев Өзбекстанга жана Казакстанга иш сапары менен барып келгенин айтып берди.
"Өзбекстанда айлыктар биздикиндей эле экен. Бул өлкөнүн калкы 31 миллионго жакын. Казакстанда болсо айлыктар кыйла жогору экен. Евразиялык экономикалык биримдигине киргенибизден бери киреше бөлүгү боюнча терс жагдайлар орун алган: кант, ун төмөндөтүлгөн баа менен сатылып жатты. Өкмөт эч кандай бөгөт коё албады. Киреше бөлүгү начар болсо, чыгаша бөлүгү жакшы болбойт. Мындай кырдаалда айлыктарды, пенсияларды кантип көбөйтөбүз? Салык кызматы, Бажы кызматы пайдалуу иштеп жатабы? Булардын кирешелери боюнча кимдир бирөө мониторинг жүргүзгөнбү? Бул маселеге көңүл буруу зарыл", - деп кайрылды премьер-министрге депутат.
Айта кетсек, Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасында орточо айлык акы 14 350 сомду түзөт. 2017-жылы бул көрсөткүч 15 420 сомго жетери божомолдонууда.