ЭЛДИК КАБАР: Москвада сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Москвада кыргыздын заманбап сүрөтчүсү, модернисттик агымды кыргыз фольклордук салты менен айкалыштыра алган Асатилла Тешебаевдин сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 24-октябрда кабарлады.

"Ачылуу аземине мекенчил жаштар келип, жогорку деңгээлде өттү. Кече чакан концерт, фуршет менен коштолду. Албетте, сүрөттөр баарыбызды ойго салды, философиялык көз карашка бай экени кубандырат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Асатилла Тешебаевдин сүрөт көргөзмөсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MES
2016-10-24 17:01:01
Жакшы жанылык ишинизге ийгилик.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан