ЕАЭБдин талаптарына жооп берген лабораторияларды курууга жана ветеринардык диагностикалык борборлорду оңдоого 250 миллион сом жумшалат

2017-жылы “капиталдык салымдар” беренесин каржылоого ички булактардан 2 миллиард 9 миллион сом каралды. Анын ичинен кошумча 250 миллион сом 4 жаңы лабораторияны курууга жана ЕАЭБдин талаптарына жооп берген ветеринардык диагностиканын аракеттеги 13 зоналык борборун оңдоого жумшаларын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Ошондой эле биринчи жолу райондордун борборлорунун автоунаа жолдорун оңдоого республикалык бюджеттен 750 миллион сом каралганы маалымдалды.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында 2016-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан