Салмагы 381 килограммды түзгөн 23 жаштагы британиялык Жоржия Дэвис 127 килограммга арыктаганда жигити аны таштап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Жоржия Дэвис 5 жылдан ашык убактан бери ашыкча салмак менен күрөшүп, 127 килограммга арыктаган. Бул анын жигитине жакпай калып, кызды таштап кеткен.
“Жоржия Дэвис Мэтью аттуу жигити менен өзү барып жүргөн фитнес залдан таанышып калган. Метью Дэвис менен сүйлөшүп жүргөндө сырткы көрүнүшү кандай болсо, аны ошол боюнча жакшы көрөрүн айтчу. Дэвис жигити менен сүйлөшпөй калган соң интернеттеги баракчасына “эми мен өзүмө көбүрөөк убакыт бөлө алам” деп жазган. 2008-жылы 15 жаштагы Дэвисти Британиядагы эң толук окуучу кыз деп табышкан. Ал телекөрсөтүүлөргө байма-бай чыгып, арыктоо анын кыялы экендигин айтып берчү”, - деп жазылат маалыматта.