Одноклассники социалдык тармагында Каракол шаарындагы №1-бала бакчада иштеген Орусия Федерациясынын жараны Мария Царёва Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады.
Ал өз сөзүн Атамбаевди 2015-жылы бала бакчанын тарбиячыларынын жана мугалимдердин айылыгын көтөргөнүнө ыраазычылыгын билдирип баштаган.
"Бирок бул жылы 2015-2016-жылдары тарбиячыларга айлык туура эмес эсептелген деп, биздин айлыгыбызды 20 пайызга азайтышты. Андан сырткары буга чейин төлөнүп калган акчаны кайтарууну талап кылып, айлыгыбыздын дагы 20 пайызын, буга кошумча киреше салык менен Социалдык фондго 21 пайызын кармап жатышат.
Жыйынтыгында бул жылы биздин айлыгыбыз өткөн жылдан 61 пайызга төмөндөдү. Караколдун тарбиячылары иш ордун жоготуудан коркуп, өз эрки менен кайтаруу протоколдоруна мажбурланып кол коюшту. Мен тарбиячы, профсоюздун өкүлү, мектепке чейинки курактагы эки баланын энеси катары мындай жорукка чыдай албайм. Мындан улам президенттин жообун уккум келет", - дейт Царёва.
Каракол шаарынын мэриясы бул окуя тууралуу иликтөө жүрүп жатканын гана билдирди.