Ош шаарында жер титирөөдөн жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 17-ноябрында катталган жер титирөөдөн жабыркагандарга акчалай жардамдар тапшырылган.
“Жер титирөөдөн жабыркагандарга 440 000 сом жардам берилди. 4-даражадагы жабыркаган жеке турак жай ээлеринин ар бирине бир жолку 25 миң сомдон берилди. Ал эми 3-даражадагы жеке турак жай ээлеринин ар бирине бир жолку 10 миң сомдон жардам көрсөтүлдү", - деп билдирет кызмат.
Эске салсак, 2015-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасында жер титирөө катталган. Анын ичинде Ош шаарында жана Кара-Суу районунун Кызыл-Туу, Бек-Жар, Талдык, Лаглан айылдарында күчү 6 баллга жеткен.