Кемин районунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча окутуу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ички иштер башкы башкармалыгы Чүй облустук билим берүү башкармалыгы менен биргеликте мектеп окуучуларына терроризмдин жана экстремизмдин жайылуусунун жана жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча сабактарды өткөрө баштады. Окутуу кечээ, 24-октябрда башталган.
“Райондогу 30 мектептен 1500дөн ашык окуучу "Дэм" театралдык студиясынын студенттери даярдаган сахналаштырылган көрсөтүүгө күбө болушту. Ошондой эле мектеп рэкетчилиги жөнүндөгү тарбиялык мааниси бар пьеса коюлуп, көрүүчүлөргө кедей үй-бүлөдө чоңойгон баланын тагдыры тууралуу видеорлик көрсөтүлдү. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кылмыштуулуктун жана терроризм, экстремизмди жайылтуунун алдын алуу боюнча лекция окуп, радикалдык исламдын салттык исламдан айырмасы тууралуу түшүндүрүп берди. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар кызыккан суроолоруна адистерден жооп алышты. Профилактикалык лекциялык иш-чаралар Чүй облусунун аймагындагы 325 мектепте ушул жылдын 13-ноябрына чейин уланат”, - деп айтылат маалыматта.