Ырчы Темир Назаров менен Оштун вице-мэри мушташып кетишти

Ош шаарынын вице-мэри белгилүү ырчы Темир Назаров менен мушташты. Ушундай окуя болгонун 25-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан аймактык маалымат булактарынын бирине тастыкташты. Бирок вице-мэрлердин кимиси экени айтылган жок. Айтылгандарга таянсак, мушташ 24-октябрда шаардагы кафелердин биринде болгон. Жаңжал эмнеден келип чыкканы азырынча белгисиз.

Ал эми бул тууралуу ырчы Темир Назаровго байланышканыбызда: "Эч кандай жаңжал деле болгон жок, баары тынч. Окуя туурлуу эч кимге доом жок. Мушташышты деген чындыкка коошпогон нерсе. Мырза катары эле ич ара чечишип алдык", - деп билдирди.

Ош шаардык мэриясы SUPER.KG порталына маалыматты тастыктаган да, төгүнгө чыгарган да жок.

Темир Назаров "Туулган жер", "Энекем" жана башка ырлары менен таанымал. “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2005-жылдын мыкты ырчы мырзасы” наамын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ekaterinburg
2016-10-25 12:13:41
Ме сага жанылык...Кокустан тартып алган видео жок бекен аа?
+2
Aiko_92_29_08
2016-10-25 12:14:56
ekaterinburg,))))
+1
mambo-1984
2016-10-25 12:17:09
Видео же суроту болсо жакшы болот эле кимиси женди болду экен.
+8
rukopashnik
2016-10-25 12:20:31
темир жаш бир эки уруп алгандыр,
+8
alibekova94
2016-10-25 12:29:30
Толуп алганбы ))) Мен муну жактырчымун кичинекейимде. Жакшы ырдайт, себепсиз мушташпаса керек, болсо болду куноо мэрде )))))))
+7
tashi62
2016-10-25 12:35:25
Кайсы бир сайтта келтек жептир деп жүрөт эле Темирди .
+3
nargis
2016-10-25 12:40:45
Жапар байкебиз эмесбекен?
+1
557
2016-10-25 13:41:58
Жанакы жаш бала СДПК Нурбек деген вице мер он наверное ХХХ
+1
admin_portal
2016-10-25 14:01:31
557, порталда жаргон сөздөрдү колдонуудан алыс болууну сунуштайбыз!
-3
azi.3566
2016-10-25 14:18:05
менимче тойго чакырып анан ошол жакта мушташса керееек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан