Оштун биринчи вице-мэри Замир Аскаров ырчы Темир Назаров менен кайсы вице-мэр мушташканын билбегенин SUPER.KG порталына билдирди. "Биз эртең менен делегацияны тосуп, иш-чарада жүрөбүз. Темир Назаровдун мушташы тууралуу сизден угуп жатам. Оштун 3 вице-мэри бар. Азыр жанымда алардын бири Асылбек Топчубаев бар. Ал деле ырчынын мушташы тууралуу эми кабардар болуп жатканын айтты", - деди Аскаров.
Айта кетсек, Т.Назаровдун вице-мэрлердин бири менен мушташы 24-октябрда шаардагы кафелердин биринде болгон. Мушташ эмнеден келип чыкканы азырынча белгисиз.
Темир Назаров "Туулган жер", "Энекем" жана башка ырлары менен таанымал. “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2005-жылдын мыкты ырчы мырзасы” наамын алган.