ЭЛДИК КАБАР: "Газпром" ишканасы Кудайберген конушунун жолдорун 1 ай мурун казып коюп жок болду

"Газпром" ишканасы Кудайберген конушунун жолдорун 1 ай мурун казып коюп жок болду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 25-октябрда билдирди.

"Газпром" ишканасы газ улап береби же референдумду күтүп, жолду казган бойдон таштап коёбу? Жашоочуларды нааразы кылган "Газпромдун" газ түтүктөрү сапатсыз жасалганы аз келгенсип, Кудайберген конушун аң-дөңгө таштап, дайыны жок. Жолдордун казылганына бир ай болду. Газга улап беришкенин кой, унаа өтө тургандай кылып жолду оңдоп коюшса", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
briliant87
2016-10-25 16:06:09
Сабыр кылып тургула ошончо казышып тутукторду орноткондон кийин таштап койбос.
+1
daiyrbek01
2016-10-25 18:45:46
Бир эки ай чыдап койсон омурун откончо ошол жакта жашасан газ пайдаланасын
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан