Каракол шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысына, эсепчисине тарбиячылардын эмгек акысы туура эмес эсептелгени үчүн эскертүү берилди

24-октябрда Каракол шаарындагы №1-бала бакчанын тарбиячысы Мария Царёва алардын эмгек акысы 61 пайызга төмөндөтүлүп жатканы тууралуу президентке кайрылып, бул маселеге байланыштуу жооп уккусу келгенин айткан.

Каракол шаарынын Билим берүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыгынын негизинде мугалимдер менен тарбиячылардын айлык акысын жогорулатышканын, бирок тарбиячылардыкы тиешелүү суммадан ашыкча эсептелип калганын SUPER.KG порталына кабарлады.

"Буйрукка ылайык, мугалимдер менен тарбиячылардын айлык акысы 80 пайызга көбөйтүлгөн. Бирок Тарифтештирүү комиссиясы тарбиячылардыкын туура эмес эсептеп, аларга 80 пайыз эмес, андан көп кошулуп калган. Бул ката табылган соң тарбиячыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алар ашыкча берилген акчаларды кайтарып берүүгө макул болушкан. Анын ичинде №1-бала бакчанын тарбиячылары да бар. Ошондо 80 пайыз менен төлөнгөн эмгек акынын айырмачылыгын кайтарып беришибиз керек. Төлөнгөн акча кайтарылган соң тарбиячылардын маяналары жарлыкка ылайык төлөнөт", - деди Каракол шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Асел Токтакунова.

Ошондой эле туура эмес эсептин айынан ашыкча төлөнгөн каражатты кайтарууга Мария Царёвадан тышкары дагы бир бала бакчанын тарбиячылары каршы чыгып жатышканы белгилүү болду. Ал бала бакчанын тарбиячылары бир айлык акысын гана кармоого макулдугун беришкен. Тарифтештирүү комиссиясына экономист, ар бир мектеп, бала бакчанын эсепчилери, шаардык профсоюздун төрайымы кирип, жыйынтыгын экономист текшерген.

"Азырынча айлыктардан акча кармала элек. Жадакалса 61 пайыз жөнүндө сөз болгон эмес. Ката саналып калган 20 пайыз тууралуу гана сөз болгон. 10 ай аралыгында ар бир айга 1500 сомдой ашык төлөнүп калган. Тарифтештирүү комиссиясы түзүп берген соң экономист текшерген, бирок ката кеткенин байкабай калганбы..." - дейт Каракол шаардык билим берүү башкармалыгынын эсепчиси Фарида Мажиюн.

Асел Токтакунованын айтымында, бул маселе боюнча Каракол шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Вера Апышовага жана башкы эсепчи Фарида Мажиюнга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан эскертүү берилди. Учурда иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altynbek_canto
2016-10-27 11:48:37
Ушул нерсени кимге арызданса болот, бизде да мугалимдер мына ушуга окшогондор иштешет.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан