Ош шаарынын тургундары көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбегенине нааразы

Ош шаарына жылуулук кечээ, 24-октябрда берилери жазылган. Тургундар жылуулук берилбегенин SUPER.KG порталына бүгүн, 25-октябрда билдиришти.

"Жылуулук кечээ эле берилмек, үйлөрүбүз муздак. Деги Араван, ХБК райондоруна, Масалиев көчөсүнө жылуулук берилет бекен?" - деген суроо салышты тургундар. Бул маселе боюнча Ош шаардык мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов жооп берди.

"24-октябрдан тарта жылуулук берилсин деген буйрук чыккан. Ош шаарын жылуулук менен эки ишкана камсыздайт: "Ош жылуулук электр борбору" жана "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасы. "Жылуулук менен камсыздоо" ишканасында 77 откана бар. Алардын баары автономдук болгондуктан, аларга караган ар бир объект тез убакта жылуулук менен камсыздалат. Ал эми "Ош жылуулук электр борборунда" 3 чоң буу казаны мазут менен ысытылат. Үч от казандын жардамы менен шаарга кете турган суу бирдей ысытылат. Андагы суу толугу менен ысыгыча минимум 6 күн керектелет. Бүгүн оорукана, бала бакчаларга жылуулук жетип калды. Эми мекемелер менен көп кабаттуу үйлөргө эртеңки күнгө чейин барып калат", - дейт Раманов.

"24-октябрда жылуулук ар бир көп кабаттуу үйгө барып калыш үчүн эрте эле от казандарды жылытууга болбойт. От казандар буйрук чыккандан кийин гана ишке кириши керек. Бизди да көзөмөлдөгөн ишкана бар. 5-6 күн мурун жагып койгон болсок, эмненин негизинде жакканыбызды сурашат", - деп кошумчалады Урали Раманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kumushai
2016-10-25 18:27:01
Тезираак жылыса жакшы болмок а то балдар менен кыйын эле болтат суукта
+2
Shef87
2016-10-25 19:13:42
жаны тушкон домдорго да берилет бекен
+1
Birimdik5555
2016-10-25 20:11:52
Областык доктурда жатабыз Ошто жылуулук берилген жок,палаталар суук,физ.кабинеттер да суук,тошокторубуз муздак
+1
miss-998
2016-10-25 20:15:05
Биздеда ошол корунуш, шаарга караганда айыл жуз эсе жакшы экен (
+1
Elcinor
2016-10-25 20:33:24
Бизде жоопкерчилик жок ошондуктан суук уйлордо калдык. Мелис акам болгондо уже жылуулук берилет болчу. Айтмамат акам не кываттыкен?
0
omka100514
2016-10-25 22:06:51
Юго-Востокко кече берилди, айтылган убакта эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан