12 жашында апасын жоготуп, оор тагдырга кабылган Анара Токонова (аты-жөнү өзгөртүлдү) талаада помидор терип, дыйкандарга жалданып иштеп, оор күндөргө кабылганын SUPER.KG порталына айтып берди.
"Мен 12 жашка чыкканда апам каза болуп, атамдын колунда кичине 2 сиңдим менен калдым. Атам менен кичине сиңдимдин жүрөктөрү ооруйт. Алар эч жерде иштебейт. Улуу сиңдим Ысык-Көлдө ашканалардын биринде иштейт. Мен Бишкекке келе бергем. Борбордо бир жигит менен таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Кийин андан кош бойлуу болуп калдым. Мен ага бул тууралуу айтканда "макул, үйлөнөбүз" деген, бирок телефонун албай дайынсыз болуп кетти. Кийин ал Орусияда экенин билдим. Кош бойлуу кезимде батирдин акчасын төлөй албай көчөдө ачка калдым. Көк-Жар конушунда талаада кетмен чаап, помидор терип жан бактым", - деди Токонова.
Анара Токонова Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну. 5 жылдан бери Бишкек шаарында жашайт. Атасы кызынын кайда жүргөнүн, эмне жумуш менен алектенип жүргөнүн билбейт. Атасына "Бишкекте бала багуучу болуп иштеп жатам" деп койгон.
"Атама уулдуу болгонумду айта албай жүрөм. Балам азыр 2 айлык болду. Азырынча ага туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала элекмин. Интернеттен карап балама диний ысым ыйгардым. Балама алимент алуу үчүн тийиштүү кызматтарга кайрылайын десем, жигитим менен расмий түрдө баш кошкон эмесмин, нике кагазыбыз жок. Иштейин десем, баламды карачу адам жок. Атама барайын дейм, бирок атамдын жүрөгү оорулуу болгону үчүн аяйм. Менин абалымды угуп ооруп калабы деп корком", - деп кошумчалады каарманыбыз.
"Башында жигитим менен жакшы жашоодо жашайм деп кыялданган тилегим таш каап, минтип мамлекеттин карамагында калдым. Кыздарга айтарым, жаштык кылып, ката кетирбегенге аракет кылгыла" деген Анара учурда Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу Боорукердик борборунда жашайт. Ал бул борборго 7 айлык кош бойлуу кезинде келген. "Мындан ары балам экөөбүздүн тагдырыбыз кандай болот?.." деп кабатыр болгон каарманыбыз келечегин элестете албай күн кечирип жатат.