ЭЛДИК КАБАР: Лейлек-Ходжент жолунда 3 унаа катышкан жол кырсыгы болду

Бүгүн, 25-октябрда саат 15:30дарда Лейлек районундагы Лейлек-Ходжент жолунда 3 унаа катышкан жол кырсыгы болду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"КамАЗ жогорку ылдамдыкта келе жатып Жигулини сүзүп, жолдун боюндагы Опелди да сүзүп, оодарылып кетти. Анын айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилди, каза болгондор жок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
temirov76
2016-10-25 19:34:50
Камаздан тогулгон эмне?
0
jany-aryk
2016-10-25 20:12:00
Чын эле не тогулгон?
0
ilyazshakirov
2016-10-25 20:44:31
Камаздан тогулгон мал жейтурган кунжара окшойт. Туугандар акыркы кундору жол кырсыктары коп болуп жатат адам омурун алган. Эмне себептен деп ойлойсунар?
+1
temirov76
2016-10-26 22:25:54
ilyazshakirov,техниканын кобойгону,мен кучтуу айдоочумун деп кутургандар,менин машинам катуу журот деп газды тиреп айдагандардын кесепети болуп жатат.
+1
Beksultan-007
2016-10-25 22:37:44
Кыргыздар жокко неге чыгардынар.бул жер тажикистандын аймагы.мындай кырсык кудай сактасын кун сайын болуп турат.тактап чыгарсанар болмок
0
Rakyl12
2016-10-25 22:46:19
Ошо чон трасса Кыргызстанга караш уу, биздин эле аймак.
+1
aszyma
2016-10-26 01:08:51
Кайсы жол бул туугандар? Арка менен кеткен жолбу? Худжандка Аркадан дагы ототда.
0
Beksultan-007
2016-10-26 01:52:22
Rakyl 12 ким айтты ошол трасса Кыргызстанга караштуу деп. Тж га караштуу ал. Анда эмнеге кр нын гаилери турбайт же кордунбу турганын
0
misster88
2016-10-26 18:52:59
Жер кыргызстанга караштуу трасса тж караштуу. 60 жылдык айылынын асты окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан