Бүгүн Ош шаарындагы кээ бир борбордук көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 26-октябрда билдирди.
Өзбекстандан делегация келе тургандыгына байланыштуу Ош шаарында 26-октябрда Ленин, Курманжан датка, Жиннах-Али, Нурматов, Исанов көчөлөрү убактылуу жабылат. Ошондой эле борбордук аянтта өтө турган иш-чараларга байланыштуу айланасы жабыларын маалымдашты.
"Патрулдук милиция айдоочуларды бул убактылуу жагдайды түшүнүү менен кабыл алууга жана жол маршрутун алдын ала пландоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.