Бүгүн Кыргыз Республикасына Өзбекстандын делегациясы келет

Бүгүн, 26-октябрда Кыргыз Республикасына Өзбекстандын делегациясы келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзбек делегациясын премьер-министрдин орун басары Адхам Икрамов жетектеп келет. Алардын катарында Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын жетекчилери, тийиштүү министрликтердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, агартуу, маданият спорт тармагынын өкүлдөрү жана дин аалымдары келишет.

"Ош облусуна Өзбекстандын делегациясы келет. Аларды Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган расмий өкүлдөр, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун жетекчилери, коомдук-маданий ишмерлер тосуп алышат. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын борбордук аянтында маданий-майрамдык салтанат өтөт. Мындан сырткары борбордук аянтта айыл чарба продукцияларынын жарманкеси орун алат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, өзбек делегациясынын сапарынын негизги максаты - достук жана коңшулук мамилелерди бекемдөө. Келген конокторго "Манастын уулу Семетей" аталышындагы театрлаштырылган программа тартууланат. Андан соң делегация медицина факультетинин студенттери менен жолугат. Сапардын алкагында келген коноктор "Сулайман-Тоо" тарыхый-этнографиялык комплексине барышат.

Эске салсак, биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 1-октябрында Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусуна барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
kamchatka
2016-10-26 09:30:45
Мирзоев жакшы президент болчудай,ушундай моменттен пайдаланып биздин сасык саясатчыларыбыз чек араны тактап койсо жакшы болот эле!
+18
ekaterinburg
2016-10-26 09:31:03
Мына эми,биздин атка минерлер,жакшы жагынарды корсоткуло,жаман жагынар болсо жашыргыла."Алыскы туугандан жакынкы коншу артык"дегендей,коншулар менен жакшы мамиледе болуу шарт.
+14
azamat.k
2016-10-26 09:52:42
Жакшы президент болчудай Мирзоев чынында,жакшы адамдын иш кылганы бир эки айда эле билинет жыйынтыгы.Биздикине окшоп уч торт жыл ар нерсе боло бербей.Кош келгиле Озбек туугандар ордолу Ош шаарыбызга.
+10
omka100514
2016-10-26 10:46:45
жолдор ачылып кеңири кирип-чыгып калсак жакшы эле
+5
meerimma84
2016-10-26 11:21:09
Дагаделе биздин акчаны суйгон чондор ээрип кетип жакшы жерлерди падарка кылып жибербегиле ичип отуруп озунорлу кармагыла, чек араны тактап достукту бекемдеш керек. Анан ото кызыл бат онот дегенди унутпа[moderated]дер.
+1
Adilet_adi
2016-10-26 11:28:59
Негизи биз Озбек республикасына эч кандай коз каранды эмеспиз, алардан пайда Жок! Чек араны жаап койсо деле макулмун
-3
nalukg
2016-10-26 11:57:49
Adilet_adi,senin tuugandaryn taanywtaryn owol jakta bolgondo bilmeksin. Bawka tuwboso kaydan bilmek elen e4 ka4an konwundan bawtartpaw k.k bul Kyrgyz degen atka koo syipagan syiaktuu ele
+2
bekhaliev
2016-10-26 12:39:27
Adilet_adi,сен коншун м.н мамлен жоктугун корунуп турат.
0
simone
2016-10-26 11:53:00
Озбек туугандар келишти, мэриянын алдында тара-турак болуп музакасын, керней-сурнайын тартып атышат, Ош шаарында милиция кенири жайылып, ар эки кадам сайын тизилип турушат.
0
Azizbek.kg8
2016-10-26 11:54:06
Б издикилер абайлагыоачы алданып жерлерди белек кылп салбагыла дагы.
+1
Moskva.kg
2016-10-26 12:01:13
Озбектер алдап кетишбесин абайлагыла!
+1
Janyl-aiym
2016-10-26 18:00:01
келишти медфакка, жакшы тозуп алып, узатып койдук)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан