Бишкекте селсаяктар үчүн баш калкалоочу жай ачылды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда селсаяктар үчүн баш калкалоочу жай ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

"Баш калкалоочу жай 25-октябрда ачылды. Социалдык коргоо башкармалыгы бөлмөдө оңдоп-түзөө иштерин жүргүздү. Жаңы матрацтар, жууркандар жана жаздыктар сатылып алынды. Андан сырткары бөлмөгө меш орнотулуп, отун жана көмүр алынды. Тамак-аш маселеси чечилди, жакынкы арада социалдык кызматкерлер ысык тамак менен камсыздай башташат", - деп айтылат маалыматта.

Баш калкалоочу жай 40 адамга эсептелген, бирок төшөнчүлөр ашыгы менен сатылып алынган. Себеби буга чейин жыл сайын мындай жайларга келген адамдардын саны көп болгон. Селсаяктардын абалын Үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери текшерип турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sagyndym90
2016-10-26 09:13:52
Алла ыраазы болсун.
+5
ekaterinburg
2016-10-26 09:32:46
Мына ушуну сооп иш десе болот...
+5
12.12.12
2016-10-26 09:33:06
Шейшептерин меникинен дагы таза го. Бир жумадан кийин дагы барып коргулочу)
-5
Shaa-82
2016-10-26 09:35:19
Биротоло жуунчу кичинекей душ да орнотушуп койсого.
+6
leilek_suluktu
2016-10-26 09:49:41
Кээ бир бомждар питтеп сирке басып кеткен чачыны аппак тошокторду кир кылат
-5
Arslan12
2016-10-26 10:41:35
Туура кылыптыр алар да адам да, бирок оз турмушунан адашкандар, буларга психолог тарбия берип кадимки жашоого уйротуш керек.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан