SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Бачата бийлеген 50 жаштагы миллионердин жашоосу" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Pitbull_l).
Ушул жылдын жай мезгилинде Инстаграм социалдык тармагында "50 жаштагы миллионер укмуш бий көрсөтүптүр" деген аталыштагы видео популярдуу болгон эле. Орусиялык алып баруучу Андрей Малахов кезектеги көрсөтүүсүн дал ошол интернетте "бийлеген миллионер" аталган Жанлука Вакки жашаган Италиянын Болонья шаарындагы үйүнө барып, анын жашоосу, эмне менен алектенери тууралуу маек курат. "Бир жолу жашайбыз. Андыктан татыктуу жашап өтүү керек" деген Ваккинин жашоосу көрүүчүгө миллионер жомоктогудай жашоодо жашайт деген элес калтырат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.