"CAF" филантропияны өнүктүрүү жана колдоо фонду 140 өлкөдө адамдардын берешендигин жана жакындарына жардам берүүгө даярдыгын билүү үчүн иликтөө жүргүзгөн. Ар кыл кайрымдуулук долбоорлоруна акчаларын сарптоо жана ыктыярдуу жумуштарда бекер иштөө, бейтаанышты тамактандыруу сыяктуу факторлор иликтенген.
Иликтөөнүн жыйынтыгында Түркмөнстанда жашоочулар убактыларынын көбүн акы төлөнбөгөн ыктыярдуу жумуштарда иштөөгө коротушат. Бейтааныш адамдарга жардам берүү жагынан Ирак жана Ливия атуулдары алдыда. Эң эле берешен адамдар Бирма, АКШ жана Австралияда жашашат.
Өзбекстан берешен өлкөлөрдүн катарын толуктап, 140 мамлекеттин ичинен 11-орунду алды. Республикада жарандардын 52 пайызы ар кыл формадагы кайрымдуулук акцияларына катышат.
Рейтингдеги 15-орун Түркмөнстанга ыйгарылды. Жашоочулардын 40 пайызы акчаларын кайрымдуулукка жумшап турат, ал эми 60 пайызы ыктыярдуу акча төлөнбөгөн жумуштарда иштегени менен 1-орунга чыккан.
Кыргыз өлкөсү бул рейтингде 39, Тажикстан 87, Казакстан 96-орунду ээледи. Ал эми кайрымдуулук боюнча кыргыз эли 83-орунда.