Кечээ, 25-октябрда Бишкек шаардык мэриясы "туз бак-дарактарга зыян болгондуктан, мэр Албек Ибраимовдун "аз өлчөмдө колдонгула" деген тапшырмасы менен быйыл аз туз даярдалды" деп билдирген эле. Андыктан кыш мезгилинде жолго себилген туз эмнеси менен дарактарга зыян келтирерин жана эмне үчүн бак-дарактар аки таш менен акталарын билүү үчүн агрономдорго кайрылып, суроо салдык.
"Жолго кышкысын себилген туз - техникалык туз. Эгер ал бак-дарактардын тамырына же чөптөргө жетсе, аларды кууратып салат. Андай болбош үчүн тузду туура колдонуу керек. Ал үчүн жолго себилген тузду убагында бактарга, чөптөргө чачыратпай шыпырып салуу зарыл. Же арык менен агызып жиберсе болот. Башкысы, кышында техникалык туздуу муздарды, карды көк майсанга төкпөй, дарактарга жакындатпаса зыяны тийбейт", - деп билдирди Бишкек шаарынын "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын агроному Сергей Кравер.
Ал эми дарактарды актоо боюнча пикирин Ош шаардык мэриясынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу башкармалыгынын башкы агроному Жаанбай Турсункулов билдирди:
"Бак-дарактарды актоо түрдүү курт-кумурскалардан сырткы кабыгын сактап туруу максатында колдонулат. Ошондой эле чаңдан, эрте жаздагы сууктан коргойт, андыктан аки таштын пайдасы көбүрөөк. Актоо иштери эрте жазда жүргүзүлөт. Ошондой эле аки таш аралашмасы жаз мезгилинде мөмө-жемиш бактарын, эмен дарактарынын жалбырактарына курт түшүүдөн, эрте саргайып кетүүдөн сактап калууда пайдасы көп".