Сузакта асынып алган баланын каты: "Апамды эле күтүп жүрөм, аны бир көрсөм болду"

Сузак районунун Сымкат айылында он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кырчындай өмүр кыйылды. Бул окуя 23-октябрь күнү саат 16:30 чамасында болгон. Анда 2002-жылы туулган Шерзат Алимбеков өз үйүнүн короосунда асынып алган.

Маркумдун атасынын иниси Эркин Алимбеков тууганынын өлүмүнө айылдашы Кубанычбек Токтосунов себепкер экенин айтат.

Кубанычбек Токтосунов 15-октябрь түнү Шерзатты айылдын четиндеги алма бакта “10 миң сом уурдаганыңды мойнуңа аласың” деп сабаган. "Бакка асып коём" дегенинен корккон Шерзат кылбаган ишти мойнуна алган. Мындан улам атасы 10 миң сом төлөп бериптир. Кийин Шерзат мага ак экенин айтып, милиция алып койгон 3900 сомун алып берүүмдү өтүндү. Милицияга барсак “Ошол акчаны кантип сурап жатасыңар? Ишти башынан тергейбиз, баланы камакка алабыз” деп коюшту. Болгонун Шерзатка айтып берсем, “Аба, сиз да мага ишенбедиңиз, акырына чейин турам дедиңиз эле, турган жоксуз. Мен аны далилдеп берем. Ошондо түшүнөсүз” деген. Мен ага анча көңүл бурган эмес болчумун”, - дейт Эркин Алимбеков.

Ал эми маркум калтырып кеткен катта Орусиядагы апасын сагынганы жана эч кандай уурулук кылбаганы жазылган.

Мен Бакыт акенин 10 миң сомун алган эмесмин. Анын баласы түнкү саат 2де алма бакта сабаганынан өлтүрүп коёбу деп мойнума алгам. Мылтыгынын мага эмне кереги бар? Аны кантип көтөрүп жүрмөк элем? 3900 сом менин акчам болчу. Анын 2000 сомун туалет казып алгам. Калганын чогултуп жүргөм. Ата, сиз мени ууру деп ойлобоңуз. Ал жерде мен акмын. Ак экенимди далилдеп берем. Мен азыр апамды эле күтүп жүрөм. 2-3 күндөн кийин келсе, аны бир көрсөм эле болду. Өзүмдүн жана сиздин акчаңызды да төлөтүп берем. Акыркы сөзүм - мен акмын!

Шерзат Сымкат айылында атасы менен бирге турчу. Ал эми бир тууган агасы менен апасы Орусияда иштеп жүрүшкөн. Шерзат тирүү турганда 2-3 күндөн кийин эле апасы чоң атасынын ашына келери күтүлүп жаткан. Эми минтип сыздаган эне уулун акыркы сапарга узатууга келип отурат.

Бул окуядан кийин баланын атасы милицияга арыз менен кайрылып, Кубанычбек Токтосуновду жоопко тартууну суранган.

“1992-жылы туулган Кубанычбек Токтосуновдун мектеп окуучусун сабаганы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми аймактык милиция кызматкери боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек”, - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы.

Ал эми кылмышка шектелип жаткан Кубанычбек Токтосуновдун атасы Бакыт Токтосунов баласынын эч кандай күнөөсү жок экенин айтты: “Аны эч ким кыйнаган эмес, мойнуна өзү алган. Атасы улам келгенинен эч кандай доом жок деп жазып бергем”.

Толук маалыматты "Супер-Инфо" гезитинин №730-санынан окуй аласыздар.

10 миӊ сом үчүн асынып өлгөн баланын акыркы видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
malikkkg
2016-10-27 01:09:42
Байкуш ата-энеси кантти экен чырактай болгон уулунан ажырап
0
honey.ka
2016-10-27 01:28:58
Ай адамдар акча учун эмне кана болушпайт. Бир баланын башын, арзыбаган 10000 учун жеп коюп кантип кун откоруп, тамагынан нан отот экен??? Кантип айылда кошуна, айылдаштарынын бетин карайт экенсин??? Кудай турат 10000 мин сом эмес, 1 тыйынга муктаж кылып коюшу оной эле.
+4
kofesmolokom
2016-10-27 02:07:04
Намыс өлүмдөн каттуу дейт. Жалган жалаадан, бөөдө кырсыктан Кудайым сактасын! Жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун. Ата энесине, бир тууганына кайрат айтабыз!
+1
dobrajelatel
2016-10-27 02:48:51
kofesmolokom,Аминь.
0
Keremet008
2016-10-27 02:44:27
Куноолулор ылайым ХХХ ХХХ ХХХ калгыла.
0
kgz.girl_kgz
2016-10-27 03:44:02
Keremet008,койчу ей,антип каргап куноого батпай эле кой.балдарында эмне айып?арам акча тапкан улуу келесоолорунда да...
0
admin_portal
2016-10-27 10:10:02
Keremet008, этика нормаларын сактаңыз!
0
kgz.girl_kgz
2016-10-27 03:42:52
Болбогон акча...кайран омур...жаткан жерин жайлуу,топурагын торко болсун!
0
take220281
2016-10-27 07:34:06
Асынып алганга жаназа да окулбайт деп укканмын, өзүнүн жанына кол салуу өтө оор күнөө, кудайым кечирсин дегенден башка эмне дейбиз.
+1
manas_skf
2016-10-27 08:14:45
Активисттер келгиле соц. тармактарда "Мен ууруу эмесмин" аталышында постторду жарыялайлы!
0
ruslanz
2016-10-27 08:25:41
Бул бала ууру деген туболук атка конгондон коркту, себеби адамдык сапаттар бар. А милиц. кызматкерлеричи соз жок. Негиз милицияга иштегенге уяты жок, убалдан коркпогон, акчадан башка эчтеке корунбогон адамдар барат окшойт.
+3
sherzatik
2016-10-27 08:52:22
ruslanz,Ак иштеген милиция барбы кыргызстанда,албетте жок. Адилеттүүлүк кайда??Баланын арбагы урсун ылайым!
0
mirsapar
2016-10-27 09:20:13
Куру доо менен кулгун жаш баланы жок кылган адамды жазалоо, милицияны жазалоо керек. Бул иш жабык бойдон калбаса экен. кайра кайра окуп чыдай албай жатам. ата энесине бир туугандарына конул айтам. айыл эли да кайдыгер болбонуздар айылдык жыйында караныздар.
+1
ere
2016-10-27 12:15:01
кайдагЫ алган адам ошону кантип аш кылды экен. жаш омур кыйылыптыр аттин!!!
0
Alixan-Nookat.2015
2016-10-27 13:33:07
Милиция кызматкери жаш баланы ата-энеси жок сурак алганга укугу жок азыр милиция кызматкерлеринин баары эмес кээ бирлери мыйзамдарды билбейт башында эч нерсе жок акча менен ишке орношкондор катуу жазалоо керек себепкер ошол жана айылдашы.Иликтоо иштери жакшы журсо экен бир жакшына жаш баланын өмүрү кыйылды.
0
nurzada78
2016-10-27 14:23:26
Баласы кандай куноо кылганда да,атасы тушунуш керек эле,уруп-сокпой!Аттин ай(((
+1
ziko_kt
2016-10-27 15:25:06
Эмииии, дагы деле баягы куру намыс бизде. айтайын дегеним балага тиешелуу эмес, ата энесине тиешелуу. Азыр баарыбыз эле бир бирибизге атаандашып, салыштырып жашап калдык, паландын уйу эки кабат, мен андан каламбы дегендей. Апасы да бир тешикти бутойм ,кошунанын тошогу баркыттан экен мен да алам дегендей кетти да. болбосо кор тиргилик айылда деле отор эле. согуш маалында деле элдер олбой оокатын кылышкан. ото жаман окуя болуптур. туура эмес жашайбыз кыргыздар. моюнга алалы. тойлор эле бир мисал,
0
semo
2016-10-28 06:58:54
Бул окуяны тыкыр иликтеп күнөлүүлөрдү камаш керек менин ойумча бала алган емес акчаны
0
nurik838383
2016-10-28 11:35:19
Бизде милиция качан оз ишине жооп берет деги
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан