Талас районунун Көк-Ой айылындагы Токторбүбү Кушчубаева атындагы мектепте мугалим акча талап кылганын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Токторбүбү Кушчубаева атындагы мектепте 2-сменде окуган окуучулардын классын жылуулоо максатында аталган мектептин мугалими Е.Г. ата-энелерди кыйнап акча чогултуп жатат. Мектеп мамлекеттики, биз акча чогултканга милдеттүүбүзбү?" - деп суроо салды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.