Бүгүн сотто президентке 2 миллион сом төлөбөй жаткан журналисттин жазасы аныкталат

Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда журналист Дайырбек Орунбековдун жаза чарасы аныкталат. Маалыматка таянсак, Башкы прокуратура Орунбековду президент Алмазбек Атамбаевге соттон утулганына карабай 2 миллион сомдук айыпты төлөбөй жатканы үчүн айыптоодо. Орунбековдун санаалаштары анын 2 жылга чейин кесилиши мүмкүн экенин айтып, тынчсызданып жатышат.

Президент 2015-жылдын 24-декабрында жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында аталган журналистти эч качан кечирбей турганын айткан. "Эгерде дагы мени каралап жазса, дагы сотко берем", - деп билдирген өлкө жетекчиси.

Эскерте кетсек, журналист Дайырбек Орунбеков "президент тууралуу жалган маалымат жазды" деп айыпталып, сот тарабынан 2 миллион сомго айыпка жыгылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
azamat.k
2016-10-27 10:22:46
Аа жакшы соту эми 9-ноябрга жылдырылса керек.Ошентип ошентип акталып кетсин Дики.
+12
admin_portal
2016-10-27 10:43:03
bahbrat, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
0
tynkatar03
2016-10-27 10:47:05
Мен мерседес айдап жургондо сен тороло элек болчусун деп койбойбу)))
+10
kemel81
2016-10-27 11:13:38
tynkatar03,мерседес айдаган комерсантка ишенип отурабыз,кайда баратабыз кайран элим?
+2
Rifle_I
2016-10-27 11:51:44
Бул башталышы. Көрө турган күн алдыда. Азыр жеке кызыкчылык деп жатып мамлекетти чачып салышпаса болду. АШАла чычалабай эле кечиримдүү болсо болмок. Кечиримди ар тилде айтып жатат го. Кечирдим деп койбойбу. Азыркы учурда жөнөкөй бай адамдар да 2млн сомду төлөй албайт.
+8
Medina87
2016-10-27 10:54:21
Президенттик статусуна иштеген иши,суйлогон созу дал келбейт, тезирээк эле бир жыл отсо экен.
Ушак суруштуро турган заманбы азыр, тем более эркектер?!
Жалаакор АЖОго калган экенбиз, корунгонду какшаткан!!
+12
salimbek87.kg
2016-10-27 11:10:10
Аша кылыктары каша сиз менен бирдей мултиктеги МАША.
+22
azamat.k
2016-10-27 11:38:36
Анын мерседеси бар, сулуу...,
Көздөрү кумар, сулуу....
Нур чачып турат, сулуу ....,
Элеси калды менде,
Ажырагыс элеси калды менде.)))))
+5
Revolyutsiya
2016-10-27 14:34:28
azamat.k, сулуу деген созду "тьфу" же "ууру" алмаштырса кандай болот?...
+4
Mikella
2016-10-27 12:16:03
Эмне маалымат жазды эле
0
wwwbaxa
2016-10-27 13:27:59
Аша бийликте отурса конечно ошол тарапка чечилет да иштин баары
+7
zikirovna
2016-10-27 13:53:56
Акыйкаттуулук жок АшА аябай эле уят кылып жатат Кыргызстанды!байкуш журналистте кайдагы эки миллион, Эми камалып кетпесе болду
+5
gulmira96
2016-10-27 13:57:36
Кемчонтой эле болду го.
+4
gulbadam91
2016-10-27 14:00:37
АША бирди коргону калды кудайым ынсап берсин да
+5
azamat.k
2016-10-27 14:11:03
Дайырбек президенттикке татыктуу,АША иштей албаса ордун Орунбековко берсин ошондо бул бала иштейт.Ошондо мумкун 2 млн толоп берээр,болбосо иланжи жок.Бул кетиште кунам карангы, тунам карангы болуп кетти келечек корунбой.
+7
nabi89
2016-10-27 14:18:33
Ошол учун Садыр Жапаровту колдогула туугандар бул Аша татыктуу эмес
-3
bektemiroff994
2016-10-27 14:19:47
Мадумаров туура айткан,оз учурунда айтылбаган чындык кийин жалганга караганда кобуроок зыянын тийгизет деп
+4
fanatka19
2016-10-28 02:34:41
Дайырбек оозуна келгенди оттоп отурат сайттарда.чектен чыккан журналисттерди жазалаш керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан