Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөттөн жарандарды көмүр менен камсыздоо маселесин чечип берүүнү суранды.
"Нарын облусунда суук болуп жатат. Биз -3 градус суукта титиреп тоңуп отурабыз, Нарында температура -10 градустан -15 градуска чейин жетүүдө. Шаарларга "Кара-Кече" кенинен көмүр келбей кыйын болуп жатат. Мындан улам көмүрдүн бир кабы 350 сомдон сатылууда. Тиешелүү мекемелерге, мэрияларга бул маселени чечүүнү тапшырыш керек. Сокулук, Аламүдүн райондорунда, Нарын жергесинде да кыйын болуп жатат. Кара-Кечеде узун кезектер түзүлүп, ал жерде ар түрдүү адамдар жүрүшөт. Илгеркидей айдоочуларды коркутуулар орун алууда", - деп кайрылды өкмөткө депутат.
Мындан тышкары ал Төө-Ашуу, Ала-Бел, Долон ашууларында илгеркидей кум, туз себилбей калганынан улам жол кырсыктары болуп жатканын баса белгиледи.