Кыргыз жеринде кош бойлуу болуусуна дарыгерлер уруксат бербеген 50 миңдей айым бар. Маалыматты Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынында депутат Осмонбек Артыкбаев айтты.
Депутат жарандарга акысыз контрацептивдерди (айымдарды кош бойлуулуктан сактоочу каражат) таратуу үчүн бюджеттен акча кароону сунуштап, бул үчүн 45 миң сом жумшаларын билдирди. Мурда эл аралык уюмдар акысыз контрацептив каражаттарын таратып келип, бүгүнкү күндө андай программалар жок экени айтылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маселени дайыма көтөрүп жүргөнү менен, бюджеттен акча каралбай калууда.