Сузакта өспүрүмдүн асынып алганы боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өспүрүмдүн асынып алганы боюнча маселе бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев буга чейин парламентте суициддер боюнча өкмөт маалымат бергенин эске салды.

"Учурда коалиция ыдырап, жаңы альянс түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок элди унутпашыбыз керек. Сузак районунда 10 миң сом өлчөмүндөгү уурулукту өспүрүмдүн моюнуна илип коюшуптур. Тергөө кандай жүргөнүн билбейм. Бирок суициддердин алдын алуу боюнча токтом чыгарганбыз. Өлкөбүздө эң негизги баалуулук - адамдын өмүрү. Жакында жаңы өкмөт түзүлөт. Ички иштер министрлиги бул багытта реформа жасашы керек. Тилекке каршы, милицияга элдин ишеними азайып баратат. Ишеним канчалык жогору болсо, жакшы жыйынтыктарга жеттик десек болот", - деди Төрөбаев.

Спикер Чыныбай Турсунбеков аны менен макул болуп, аталган маселе парламенттин көзөмөлүндө болушу керектигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Сузак районунун Сымкат айылында 23-октябрь күнү саат 16:30 чамасында 2002-жылы туулган Шерзат Алимбеков өз үйүнүн короосунда асынып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
keba300989
2016-10-27 10:37:33
Бакыт Торобаев Омурбек Текебаев мына эркектерден ушулар эле калыптыр.
+2
Musabaeva.
2016-10-27 10:50:57
keba300989,кой айланайын ХХХ эркек деп эсептелбей калдыгоо
+2
admin_portal
2016-10-27 11:51:27
Musabaeva., кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек-келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
-6
Kroxa
2016-10-27 20:56:45
keba300989,кой,кой,эркектер биринин былыгын бири чукуйбу???
-1
leilekstan_1987
2016-10-27 10:57:34
Тоокго ХХХ керек болот болбой алдын алыш керек эле.да Бакыт мырза
-1
admin_portal
2016-10-27 11:46:34
leilekstan_1987, этика нормаларын сактаңыз!
-2
Musabaeva.
2016-10-27 11:15:00
Жогорку кенеш элди ойлогонда эмес эч качан.Мамлекеттин келечегин ойлобой эле креслону ойлоп жатышат, кунумдук жыргал жашоосун.
Баланын Жаткан жери жайлуу болсун, жараткан кылган куноолорун кечирсин жана бейиш насип эткен болсун.
+4
nurshoola
2016-10-27 12:22:41
Суйлоп эле калабербей конул буруп иш жузундо акыйкат текшеруу жургузушсун
+7
MAN-CITY
2016-10-27 13:40:01
Милицияга элдин ишеними азайып баратат дейт. Эл кантип ишенет милицияга, милициясы озу баш болуп элди тоноп жатса.
+6
bektemiroff994
2016-10-27 14:12:55
Парламентте канча койгойлор которулуп жатат,Турсунбеков деген байкебиз ооба карап чыгабыз деп эле тынчып кетип жатат го,ак уйду туп тамыры мн жок кылып жаны муун келиши керек!
+5
nura.177
2016-10-27 19:22:15
Бул шакалдар тойбос болуштуго бизкачан онугобуз . Ал эми чондордун акылсыздыгынан жаш бала кете берди акыйкат издеп жаткан жери жайлуу болсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан