ЭЛДИК КАБАР: Өзгөндөгү Бостон айылында суу жана жол маселеси көйгөй жаратууда

Өзгөндөгү Бостон айылында суу жана жол маселеси чечилбей келет. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 27-октябрда кабарлады.

"Айылда суу маселеси чечилбей келет. Ал суу сордуруучу каражат аркылуу чыгат, бирок электр энергиясынын акчасын төлөгөнгө элдин алы келбей жатат. Андыктан сууну арыктан ичебиз. Экинчи көйгөйүбүз - жол. Жолдун абалына адам эмес, мышык ыйлайт. Шагыл төгүп берсе болот эле. Айыл өкмөтү карабайт. Жамгыр жааса чыга албайсың. Суу алганы арыкка баргыча, ылайга батып калабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
marmiladka9
2016-10-27 19:10:21
кайсы айыл окмот? Жалпакташпы?
0
Nurik555
2016-10-28 03:39:41
marmiladka9, Төрт-Көл айыл өкмөтү!
0
Angel92
2016-10-27 19:27:35
Чын эле суу аявай чон проблема.Илгеркидей дагы деле сайдан,булактан ташып ичет эл
0
Kalmurzaev8900
2016-10-27 19:41:02
Булардын сусу тунук экен биз болсо ылайка акан суну тунутуруп ичебизго
0
Marianna77
2016-10-28 00:07:19
Бостон ушундай айылбы мен барганда башкача эле го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан