25-октябрда Кызыл-Кыядагы Келин-Басты ашуусунда унаа кырсыкка кабылып, сайга түшүп кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Кызыл-Кыя шаары менен Ноокат районунун Ынтымак айылын байланыштырган жолдогу Келин-Басты ашуусунда жол кырсыгы болду. Жеңил унаа жаңы түшкөн жолдо кырсыкка кабылып, сайга кулап кеткен. Жабыркагандар бар. Жолго быйыл асфальт жаңы төшөлгөн. Анын бир жагы тоо, экинчи жагы сай. Ушул жерде бир жума мурун дагы 5 адам кырсыкка кабылган. Тосмо коюлбаса, кышында кырсык көп болот", - дейт тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.