Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №27-түзөтүү колониясында бүгүн, 27-октябрда кайрадан курулган текшерип өткөрүү пункту жана аманаттарды кабыл алуу бөлмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин Кыргыз өлкөсүндөгү жетекчиси Александр Федулов жана аталган мекеменин кызматкерлери катышты. Текшерип өткөрүүчү пунктта ок өтпөй турган айнектер салынган. А.Федуловдун айтымында, оңдоп-түзөө иштерине жана колонияга тапшырылган шаймандарды сатып алууга жалпысынан 37 232 АКШ доллары (2 миллион 600 миң сом) сарпталган. Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров колониядагы абалдын оңдолушу ал жердеги коопсуздукту камсыз кылып, жаңы техникалык шаймандардын келиши кызматкерлердин квалификациясынын жогорулашына шарт түзөрүн белгиледи.
Маалымат үчүн: №27-түзөтүү колониясынын алгачкы имараты 1978-жылы курулган. Башында аталган колонияда кургак учук оорусу менен ооруган соттолгон жарандар дарыланган. Учурда бул жерде 500гө жакын адам камакта отурат. Келечекте №27-түзөтүү колониясы террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыш үчүн соттолгондорду кармоону пландоодо.