ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин түтүгү жарылып, бир жумадан бери ысык суу агып жатат
Ош шаарындагы Курманжан датка шаарчасындагы үйлөрдүн биринин жылуулук түтүгү жарылып, суусу агып жатканын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 27-октябрда билдирди.
"Петров көчөсүнүн №9-үйүнүн жаңы алмаштырылган жылуулук түтүгү жарылып, ысык суусу бир жумадан бери агып жатат. Жылуулук борборуна бир канча жолу чалсам да келишкен жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.