Бишкек шаардык мэриясы: "Дыйкан" базары санитардык жана техникалык коопсуздук кемчиликтерди жойгон жок"

"Дыйкан" базары санитардык жана техникалык коопсуздук кемчиликтерди жойгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Дыйкан" базары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын талаптарын аткарган эмес. Акыркы күндөрдөгү жаан-чачындуу аба ырайы базардагы абалды татаалдаштырган. Соодагерлерге эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Базарда баш аламан соода уланууда. Мындай абал улана берсе, базар 10-ноябрда жабылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, базардын администрациясы техникалык коопсуздук боюнча бир канча жолу эскертүү алган. Буга чейин Ленин районунун администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев базар жетекчилигине эскертүү берген.
Учурда Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын тийиштүү кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте соодагерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mystery
2016-10-28 01:12:57
Дыйкан базары кайдале?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан