Журналист Дайырбек Орунбеков боюнча бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму 9-ноябрга жылдырылды. Маалыматты 27-октябрда журналисттин санаалаштары тастыкташты. Айыпталуучунун жактоочусу 9-ноябрга чейин иштин материалдары менен таанышып чыгышы керектигин айтат. Башкы прокуратура Орунбековду президент Алмазбек Атамбаевге соттон утулганына карабай 2 миллион сомдук айыпты төлөбөй жатканы үчүн айыптоодо.
Эскерте кетсек, журналист Дайырбек Орунбеков "президент тууралуу жалган маалымат жазды" деп айыпталып, сот тарабынан 2 миллион сомго айыпка жыгылган. Президент 2015-жылдын 24-декабрында жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында аталган журналистти эч качан кечирбей турганын айткан.