Оштогу Курманжан датка шаарчасындагы үйлөрдүн биринин жылуулук түтүгү жарылбаганын "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын аймактык башчысы Адылбек Оморбеков SUPER.KG порталына кабарлады.
"Ош шаарындагы Петров көчөсүндөгү №9-үйдүн 4-батиринин ээси 22-октябрда жылуулук түтүктөрүн өз билемдик менен кесип, ага шланг улап, терезеден чыгарып койгон. Жыйынтыгында түтүктөрдөгү суунун көлөмү азайып жатканынан улам үйгө жылуулук берилүүчү түтүк жабылган. Тургундардын суранычы менен 27-октябрь күнү эртең менен үйдөгү түтүктөрдөгү суунун саркындысын биздин кызматкерлер төгүшкөн. Кабарга чыккан сүрөт ошол маалда тартылса керек.
Тургундар учурда жылуулугу жок отурушат. Жылуулук бериш үчүн кесилген түтүктү оңдош керек. Ал батирди 2 студент ижарага алып жашашат экен. Ал эми ээси түтүктөрдү бизди кестиңер деп жатат. Биз ал үйгө кире албасак, кантип кесебиз?" - деди А.Оморбеков.
Ошондой эле ал түтүк бүтөлмөйүн жылуулук берилбей турганын, үйдүн жер төлөсүндө да коопсуздук эрежелери сакталбаганын кошумчалады.