Бүгүн, 27-октябрда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы китепканада улгайган адамдардын позитивдүү элесин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Максаты - карылар тууралуу айтылган туура эмес түшүнүктөрдү жоюп, шайыр кары адамдын образын көрсөтүү. Көргөзмөнүн каармандары - бир топ жашка барып калганына карабай кызыктуу, сергек жашоо кечирген карылар. Ошондой эле неберелерин тарбиялоого көмөктөшүп, жаш муундар үчүн кеңешчи, үй-бүлөдөгү ынтымактын бекемделишин шарттап, коомдун, үй-бүлөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон инсандар.
"ХэлпЭйдж Интернешнл" долбоорунун менеджери Гуля Абитова иш-чара тууралуу буларга токтолду:
"Өлкөбүздө улгайган инсандар аз. Пенсияга, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөргө карабастан жашоого нааразы болбой, башкаларга да позитивдүү маанай тартуулагандар жок эмес. Булар өздөрүнүн энергиясы менен башкаларга дем берип, бир топ жашка чыкканда да адам толук кандуу жашаса болорун көрсөтүп, бизге үлгү болгондор. Бүгүн көргөзмө аркылуу жогоруда айтылган инсандарды сүрөттөрдө чагылдырууга аракет кылдык".
Көргөзмөгө жаш сүрөтчү Артур Болжуровдун "Позитивдүү картаюу" темасынын алкагында тарткан эмгектери коюлган.