Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү Москвада интернетти Орусиядан Кытай аркылуу өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары билдирди.
Анын айтымында, учурда тарифтер маселеси чечиле элек. "Интернет менен жарандарыбызды камсыздоодо Казакстандан көз каранды болбоо үчүн альтернативдүү жолдорду издеп жатабыз. Кытай аркылуу интернет өткөрүү үчүн канча каражат, канча мөөнөт керектиги боюнча азырынча жооп бере албайм. Кыргыз делегациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүткөн соң гана бул маалымат белгилүү болот", - деди ал.
Депутат Каныбек Иманалиев "өкмөттүн шалаакылыгынан улам өлкөдө интернет кымбаттап жатат" деген оюн айтты.