Ош облусундагы Шералы айылынын айыл башчысы көптөн бери шайланбай жатканын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу Шералы айылынын элин 2-3 күндөн бери оюнчук кылып жатышат. Айыл өкмөтү айыл башчы шайлабай, элди күттүрүп коюп келбей жатат. Булардын кайдыгерлиги элдин кыжырын келтирүүдө. 20 күн мурун облус башчы айткан тапшырмалардын бири да аткарыла элек", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.