Кыргыз милициясынын 92 жылдык мааракесине карата SUPER.KG порталы Бишкек шаарынын тургундарынан "Милиция сиздин укугуңузду коргойбу же кордойбу?" деген сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоонун жүрүшүндө айрым жашоочулар милициянын жарандарды коргогонуна ишенбегендигин билдиришип, укук коргоо кызматкерлеринин арасында жарандарды кордоого алгандары бар экенин айтышкан. Ошол эле учурда милициянын жакшы иштеп жатканын белгилеп, жарандардын укугун коргой турганына ишенгендер да болду.
Эске салсак, кыйноолор боюнча укук коргоо кызматкерлерине 2014-жылы 16, 2015-жылы 34 кылмыш иши козголгон. Ал эми 2016-жылдын 29-июнунда Кадамжай районунун тургуну Нургазы Сартаевдин милиция кызматкерлеринин ур-тепкисинен улам эки бөйрөгү жабыркап, ага 2 жолу операция жасалган. Ошондой эле 2015-жылдын 30-декабрында Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун милиция кызматкерлери үндүк уурдаганга шектелип кармалган Урмат Кубанычбековду сабап, колдорун аттиш менен кыпчытып кыйнашкан.
Милиция кызматкерлери тарабынан жарандардын укуктары бузулган окуялар байма-бай кайталанып келет. Алардын катарын жакында эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган окуучунун өлүмү толуктайт. Өспүрүмдүн өлүмү Жогорку Кеңешке чейин жетип, талкуу жаратты. Бүгүнкү күндө Сузак РИИБинин аймактык тескөөчүсүнө карата кызматтык иликтөө жүрүп жатканы айтылды.
Мындан сырткары Бишкектеги милиция кызматкерлеринен жабыркаган Адилет Иманкулов "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде: "Орто-Сай" базары жакта баратсам, милиция кызматкерлери келип кармап кетишти. Алып барган соң "2 кылмышты моюнуңа аласың" деп целлофан баштык кийгизип сабап, ийне сайып, электрошокер басып кыйнашты", - деп билдирген.