Ата-энелер: "Мугалим бизди акча чогулттуруп кыйнаган жок, өзүбүздүн демилгебиз менен классты жылуулап жатабыз"

"Мугалим бизди акча чогулттуруп кыйнаган жок, өзүбүздүн демилгебиз менен классты жылуулап жатабыз", - дешти Талас районунун Көк-Ой айылындагы Токторбүбү Кушчубаева атындагы мектепте билим алган балдардын ата-энелери. Эскерте кетсек, бүгүн, 28-октябрда аталган мектептин мугалими ата-энелерден акча талап кылганын окурман SUPER.KG порталына билдирген.

Ата-энелердин айтымында, алар балдары окуган класстын ичин өздөрүнүн демилгеси менен жылуулап жатышат. Ал үчүн 25-октябрда чогулуш өткөрүшкөн, анда ата-энелер макулдугун билдирип, протокол түзүшкөн.

"Азырынча акча чогултула элек. Мугалимдин эч кандай тиешеси жок, ал бизден эч нерсе талап кылган эмес. Акча чогултуп өзүбүз классты жылуулайбыз дегенбиз, бирок бул дагы аягына чейин чечиле элек болчу", - деди ата-энелер комитетинин атынан Нуржамал Эрназарова.

Таластагы ата-энелердин кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
Alina1984
2016-10-28 20:49:57
Бизди кыйнап эле суратып атат,акчаны мектепке ,бугун кызып айтып келди милдеттуу турдо бересинер ушул жакта окуп атасынар бербегенде кайда барасынар дейт
+8
Revolyutsiya
2016-10-28 21:05:57
Alina1984, министрликке кат жолдогула, министрлик акча болдуртуп берсин, мажбурлоо жолу менен ата-энелерден акча чогулткан мугалим же директорлор кылмыш жообуна тартылуусу керек...
+9
Alina1984
2016-10-28 20:57:38
Мен Кемин районунда жашайм,биз айыл окмотко жерге налог толойбуз,кошуна мугалим эженин айтып беруусуно караганда биз балдар учун эч кандай акча толобошубуз керек экен,тушунгонум боюнча биз айыл окмотко жерге налог толоп жаткандан кийин ,мектепти айыл окмот каржылаш керек экен,свети суусу ремонту дегендей ,анан мамлекеттен краска акиташтары келет экен,бирок ошого карабай бизден ар бир балага 500сомдон дейт ,ата энелер нааразы болуп барсак ,бизди директор жаман корду го тойго кандай барасынар деп,
+12
Revolyutsiya
2016-10-28 21:03:57
Alina1984, ушул топтомойлорду качан жоюшат экен, директорлор тигинтип доорусо кызматтан кет деп ачык эле айтыш керек. Директор башы менен тушунбосо, билбесе анда кайсы арына директор?!!
+6
Alina1984
2016-10-28 21:02:21
Ошол барган 5 ата энени обсуждение кылып бутпой атышат дейт,улуу создо уят жок директор баш болуп кандай ич кийим киебиз кандай жашайбыз бут мугалимдерге айтып атышат дейт,бир уйдо 4бала окуса кандайча балдарга эч нерсе кылбайбыз?кийинтебиз ичинтебиз дегендей
+7
Alina1984
2016-10-28 21:10:33
Чогулган акчаны сурасак китеп алып атабыз дейт ,ушул мектептин жыртык тешиги бутолбой койду,жылда 20жылдыктар китеп алып беришет мектепке,кошуна жененин 4 баласы бар куйоосу Москвада ,бир кызына 2000мин сомго китеп алып берди ,мектепке да взнос толойт,директор биздин бетибизди жулду го кайра жанындагы кошоматчы мугалимдерин топтоп алып ,эми 18де дагы чогулуш болот,кечирип коюнуздар просто жинимди токтото албай калдым окшойт ,анткени уч кун мурун киргенбиз директорго ,анан кыздарымдын айтып келге
+11
Alina1984
2016-10-28 21:22:16
Кыздарым мама эжейлер урушту ата эненердин уяты жок деп айтышты деп,анан биздин айылдык бир бизнесмен бар,колдо пансианаты бар экен жылда окуучуларды колго эс алдырат уч маал ысык тамак менен уч кун,ал жерге жалан мугалимдердин балдары,айыл окмотто иштегендердин балдары барат,бизге окшогон карапайым коп баласы барлар барбайт ,айткан шылтоолору отличник балдар барат дейт,созсуз да отличниктер барат ,анткени ата энеси мугалим же айыл окмот,биздин балдарга Ысык-Колду суутуп коюптурбу ,алар шабашкаг
+10
Alina1984
2016-10-28 21:33:49
Шабашкага чыгышат карапайым балдар,мисалы менин уч балам окуйт ,бироо садикте,ошол уч балама 500сомдон сырткары сурай беришет ,тряпка,чака ,бор ,парда деп кудайчы биякта калсын,400бала окуйт экен ,200 мин кайда?ошол акчага кенен алып коюшпайбы ?айылдык бизнесмен балдар бар,жыл сайын эшик терезесин спонсорлор жардам берет,тамакка бир балага 7сомдон болунот экен,ага ай сайын дагы ата энелер балдар жакшы тамак жешсин деп 100сомдон айына беребиз ,130бала тамак ичет экен 1класстан 4класска чейин,айы
+10
Alina1984
2016-10-28 21:39:29
Айына 100сомдон тамакка беребиз ,130 баланыкы 13000сомго 300сомдон болгондо 40кг эт келет ,кудай билет ошол 40кг этти тамакка кенен кошуп атканын,анан суйлошот устукан тартып аткансып,40кг этти ар бир жума куну жазашат ошондо 4кунго 40кг эт ,анан окмоттон ар бир балага 7сомдун тамагы,ооздорун чоюп керек болсо уйунордон да жыргатып тамак жазап бербейсинер дейт
+10
Sholpon
2016-10-28 22:42:22
Alina1984,математик окшойсун ээ аягына чейин эсептеп чыкпаганын кызык го ошондо бир балага 3сом30тыйындан туш келет кунуно жузду отуз кунго болсон уч сомго азыр эмне келет ОЗУ мен кызымды Москвада литцейде окутам кунуно 230руб завтрак менее обедке толойм
-8
Revolyutsiya
2016-10-28 22:54:18
Sholpon, ошондо мактанганынбы?!!
+11
Sholpon
2016-10-30 01:06:08
Revolyutsiya,менин айтайын деген оюм айына жуз со берип алып мин сом бергендей жазганынарчы куйдурот да кобуроок оозунарды ачып уктап журо берсенер бироо учун жашап жаткансып иштесен анан тиштейсин
-1
Alina1984
2016-10-28 22:54:33
Sholpon,Мен математик эмесмин ,ата энелер чогуу эсептешкен откондо,Москвада деле жыргап жургон эместирсиз
+9
Alina1984
2016-10-28 23:01:43
Sholpon,Москванын жашоосун билбейм сизге эле аякта кун тийип атпаса,бизде айылда жашоо кыйын эле ,100сом эмес ,10сом таппай калган учур болот,сизди корот элем ичкен куйоо менен жашап балдардын туйшугун жалгыз тартсаныз,3 сом 30тыйын эмес ,30тыйынды эсептемексиз,сиздей лицейде окута албасам да ,жонокой мектеп канымды соруп атат
+10
Sholpon
2016-10-30 01:00:12
Alina1984,Адам аракет кылыш керек алма был оозума туш дер олтура бербей оозун ачып менин да куйоом отуп кеткен коп болгон озум эле аракет кылып телегейими тегиз кылып олтурам бироодон жардам кутпой кобуроок жалкоолонсонор бироо даяр тамак алып келип берет
-2
barakcha
2016-10-30 09:34:16
Sholpon,Кесир суйлойт экенсиз.Эртенки кунунуз эмне болоорун билбейсиз!
+1
momun74
2016-10-30 09:37:59
Sholpon,ошо сен ал жакта иштейсин акчан бар каалаганыны каалагандай кыла бересин айыл жеринде кайдагы жумуш Ананда баарынын эле орусяга барып штегенге шарты боло бербейт
0
momun74
2016-10-29 19:40:28
Sholpon,'эми чонтогун клын болсо окута бересинда жоктор кайда барат ошо сага окшогон беш алты кошоматчы ата эне алдагынтип озубуз озубуз деп атышат сен бир кун айыл жерине барып жаша коросун жашоо шарттарын баарын озуно тенебеда
+3
momun74
2016-10-29 19:44:11
капа болбого орусияда жыргаганынан жургон жерин жокда тим эле бардар жашоодо торолуп жыргаганынан ал жакта журосунбу тууганым мактанба
+1
Sholpon
2016-10-30 01:23:02
momun74,ооба мен жыргаганыман жургонум жок туура айтасын бирок жакшы жашоо учун баарына даяр болуп озуму отко чокко уруп иштегеним учун кенен жеп кенен жашап журом бироодон жардам кутпой
-1
Zynk.kg
2016-10-28 22:47:08
Alina1984,бычак кесип соогунузго тийген экен,сизди тушунуп турам.
+4
zarlyk2211
2016-10-29 03:25:06
Классты жылуулагандары жакшы. Өздөрүнүн эле балдары окуйт, бирок колунда бар үй-бүлөлөр демөөрчү болуп, жакыр жашагандардан акча талап кылбай эле коюшса жакшы болмок.
+3
Alixan-Nookat.2015
2016-10-29 07:30:54
zarlyk2211,Бирок ошол демөөрчү адамдын балдары биздин ата-энебиз демөөрчү болду биз жасадык деген сөз болсо кокус башка балдар озун ыңгайсыз сезиши мүмкүн
+2
yasmina_kg
2016-10-29 07:59:51
Иши кылып окуу жыл аяктаганча жонокой эле окуучулардыкы минге жетпесе да жакындайт.Ал эми бутуруучулорку болсо далай ата эненин журогу зыркырайт.Дагы коп мектептерде болор болбос 20 30 минутук кино куурчак театр же концерт дешип ар бир баладан 50 сомдон 100 сомго чейин чогултушат.Жибербейин десе баласын боз ала кылгысы келбейт жиберейин десе бир уйдо 3 4 окуганы бар.Берген тамагы болсо 50 грамдык таттусу жок коржик карандай муздак чай.
+3
ice87
2016-10-29 08:21:43
Ооба,кээде он сом да таппай калабыз.Бирок балан учун баарына даярбызда.Мугалим да акча бербегендер чыгып кеткиле дегенге акысы жок же мажбурлоого.Кайра аз камсыз болгондор беришет.Колунда бар,байлар нагло бербей коюшат.
+4
Ertuugan
2016-10-29 09:03:07
oruscha jazbasanagar putin taarynaby?
+2
Aijamal13
2016-10-29 09:51:05
МЕН деле балама мектептик фонд 1000 сом охрана 900сом класстык фонд 500.самын салфеткага 200. гулго 100.кошумча сабак 16оо жылына.майрам сайын эжекеге200сом сууга 300

беребиз
+2
Aijamal13
2016-10-29 09:53:08
ата энелер чындыкты суйлогуло мугалимдер мынаны кылып бергиле деп милдетту турдр айтышат айла жок балан учун озубуз жасап берип атабыз дейбиз

+4
Aijamal13
2016-10-29 09:57:37
ата камитети акча чогулкан учун баласы 3 окуса да эжеке 5 койот экен анткени себеби апасы акча чогултт да
+3
barakcha
2016-10-30 09:40:03
Эх кыргызым,комменттерди окуп отуруп зееним кейип кетти.Биздин олко качан онолот болду экен?Келечегибиз кандай болот болду экен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан