Ысык-Көлдөн Сирияга кеткен үй-бүлө ошол жакта каза болгону тууралуу маалымат такталып жатат. Азырынча расмий билдирүү жок. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
"Сирияга жихадга кеткен кыргыз үй-бүлөнүн 25 мүчөсү каза болгону туугандарынын эле айтканы болуп жатат. Облустук милициянын 10-Башкармалыгы иликтөө жүргүзүүдө, бирок маалымат тастыктала элек. Өлдү деп айтылган адамдардын сөөктөрү да келген эмес", - деди Сталбек Усубакунов.
Ысык-Көлгө бир үй-бүлөдөн 20дан ашуун адам Сирияга жихадга кетип калганы былтыр маалымдалган.
Расмий кабарларга караганда, Сирия жана Ирактагы согуштук аракеттерге аралашып жүргөн кыргыздардын саны 600дөн ашты. Алардын 70тен көбү каза тапкан.